22:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

АКШда Нью-Йорктогу терактка айыпталган Саиповдун соту өтүүдө

Нью-Йоркто сот 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты. Бул тууралуу centralasian.org маалымат кызматы билдирет.

Сотто Саипов бул аракетине өкүнбөй турганын жана колдон келишинче көп кишини өлтүрүүнү каалаганы билдирди. Ал 31-октябрда кишилерди чакан жүк ташуучу унаа менен басып кеткен. Анда сегиз киши мерт кетти. 

Саипов терактты бир жыл мурун эле пландаганын, эки ай мурун даярданып баштаганын, көп кишини тебелетип, Бруклин көпүрөсүнө чейин жетүүнү көздөгөнүн, бирок кокустан автобус менен сүзүшүп калганын айтты. 

Сотко Саиповду майыптардын арабасы менен алып келишти, операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Ал бул аракетине ИМ тобунун видеолору дем бергенин билдирди. Жүк ташуучу унааны 22-октябрда ижарага алган.

Адам өлтүрүүдөн тышкары Саиповго террордук уюмду материалдык жактан колдоо айыбы дагы тагылды.

Сайфулла Саипов Ташкентте туулуп-өскөн, 2010-жылы лотереяда грин-карт утуп алып, АКШга келген. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убактарда Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары аны каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү жигит катары сыпатташкан, бирок радикалдуу исламист экени байкалган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар