16:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

АКШ Өзбекстан жарандарынын кирүүсүнө тыюу салышы мүмкүн

Расмий Вашингтон Өзбекстан жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу Акүйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Биз учурда буга чакырган жокпуз, бирок муну четке дагы какпайбыз», — деди Сандерс.

31-октябрда 29 жаштагы өзбекстандык жаран Нью-Йоркто жүк ташуучу автоунаа менен велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече адамды тебелеп кеткен. Кол салуунун кесепетинен 8 киши өлүп, 12си ар түрдүү жаракат алган. Полиция бул окуяны теракт деп атады.

Эң көп окулган жаңылыктар