01:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кылычбек Султан: Кореяда иштеген мекендештерибиздин үчтөн бири мыйзамсыз жүрүшөт

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан «24.kg» агентиги менен дипломатиялык кызматтагы тажрыйбасы жана келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү.

— Кылычбек мырза. Расмий булактарда сиздин фамилияңыз «-ов» мүчөсү жок жазылууда, фамилияңызды өзгөрттүңүзбү?

— Фамилияды өзгөрттүм дегенге караганда, тууралап жаздырдым дегеним ылайыктуу болсо керек. Кыргыз эли үчүн фамилияларда «-ов», «-ова» сыяктуу мүчөлөрдүн кошулушу өз актуалдуулугун жоготту деп эсептейм. Ошондуктан эки жыл мурда фамилиямдан «-ов» мүчөсүн расмий түрдө алдырып салганмын. Негизи эле Кыргыз мамлекетинин жарандарынын аты-жөнүн жазуу эрежелери жана ошондой эле «-ович», «-овна» сыяктуу кайрылуу салты кайрадан каралып чыкса туура болмок. Бул эми өзүнчө чоң тема.

— Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалганыңызга аз гана убакыт болду. Буга чейин Малайзияда 2 жылдай элчи болуп турганыңызда кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?

— Көп ийгиликтерди жараттым деп ишенимдүү айта алам.

Эки өлкөнүн эли, ишкерлери бири-бири тууралуу кененирээк маалымат ала башташты. Жыйынтыгында, бир эле жыл ичинде ал өлкөгө экспортубуз 85 эсеге өстү. Малайзияда Кыргыз мамлекетин таанытуу иштерин абдан кызуу жүргүздүк. Жыйынтыгында бир жыл ичинде өлкөбүзгө келген малайзиялык туристтердин саны 6 эсеге өстү.

Малайзиялык алдыңкы маалымат каражаттарында мекенибизди тынбай даңазалап, көпчүлүк үчүн ушундай кооз, өзгөчө жер бар экени жаңылык болду. Малайзиялык бир журналист Кыргыз жерин сүрөттөп жазган макаласы үчүн сынакта биринчи орунду алганга да жетишти.

Мындан сырткары ал жактагы жарандарыбыздын башын бириктирип, мекендештерибиздин жолугушууларын такай уюштурууну салтка айланта алдык. Ал жактан билим алууну көздөгөн жаштарыбыздын саны өстү. Кээ бир окуу-жайларынан акысыз билим алууга шарт түзүлдү.

— Жаштарды мекенди сүйүүгө, билимге умтулууга чакырган долбоорлорду да уюштурдуңуздар эле...

— Ооба, кыска убакыт ичинде элчилик катуу иштеди. Жада калса аткарган көп иштерибиз тууралуу унутуп да калыпмын (күлүп — ред.). Жаштарыбызды патриоттукка тарбиялоо максатында «Мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн каалайм!» аттуу сынак өткөрүп, Кыргызстандын ар бир областынан жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден жеңүүчүлөрдү аныктап, аларды Малайзияга алып барып келдик. Малайзияга саякаттап келишкен ал 9 окуучунун тил билүүгө, дүйнө таанууга, билим алууга шыктанууналары өсүп, анын таасири миңдеген башка окуучуларга да тийди деп ишенем. Ошондой эле жергебиздин бүткүл аймагынан элүү чакты окуучуга Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуусу менен билим алуусун айкалыштырган долбоор уюштурдук. Ал долбоорго Малайзиядан мугалимдер тартылып, англис тилинен сабактарды өтүштү. Бул иш-чарабыз да келечек муун үчүн, элибиздин келечеги үчүн уюштурулган өзгөчө долбоор болгонун өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып абдан кубандым.

— Ушундай иш-чараларды эмнеге башка элчиликтер өткөрбөйт? Же акча каражаты Малайзиядагы элчиликке көбүрөөк каралганбы?

— Элчиликтерге акча бирдей эле бөлүнсө керек. Бирок, жогорудагы айтылган долбоорлорго мамлекеттик бюджеттин же элчиликтин 1 сому да кеткен жок.

Бардык иш-чаралар үй-бүлөмдүнбюджетинен каржыланды (күлүп - ред). Жалпысынан үй-бүлөмдүн бюджетинен 2 жыл аралыгында бул долбоорлорго 10 миллион сомго жакын акча коротулду. Билбейм, балким бул туура эместир... Кандай болгон күндө да мамлекеттен алган акчаны кайра элге, мамлекетке бердим. Үстөк пайызы менен (күлүп - ред.).Чындыгында ишиңдинийгилиги акча-каражаттан гана эмес, чыгармачылыгыңдан, жумушуңду, мекениңди сүйүүңдөн да көз каранды. Эң башкысы, мамлекет мага иштөөгө, ишимден ырахат алууга шарт түзүп берди.

Кылычбек Султан
Анан, албетте, ийгиликти жалгыз адам эмес, командам, коллективимдин аракети менен жараттым. Элчиликтин башка кызматкерлеринин да, санаалаштарымдын да салымы чоң болду. Күндөп-түндөп иштеген учурларыбыз болду. Кызматкерлерим менен санаалаштарым 100 пайыз убакыттарын жумушка арнап, тынымсыз иштеген учурлар да болду. Тилекке каршы, берилүү менен иштеген ал кызматкерлерге мамлекеттен же министрликтен эч кандай сыйлык берилген жок. Колумдан келишинче өз алдымча гана дем-күч берип жаттым.

— Ошондо айлыгыңыз канча экенин айта аласызбы? Элчинин айлыгы мамлекеттик масштабдагы ушундай чоң иштерди уюштурууга жетеби?

— Тилекке каршы, айлыкты айтууга укугум жок. Бирок, чындыгында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө айлык акы жакшы. Балким ошондуктан Тышкы иштер министрлигине жумушка орношууну каалагандар арбын болсо керек. Социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда мындай айлыкты элестете да алчу эмесмин. Бирок, мен айлык чоң деп өлкөбүздөгү бюджеттик мекемелерге гана салыштырып айтып жатам. Ал эми башка өлкөлөрдүн дипломаттарынын айлык акысына салыштырганда, тескерисинче биздики абдан эле аз.

— Ошол Малайзияда иштеген кыска убакыт ичинде кайсы иштерди жасоого үлгүргөн жоксуз?

— Бишкек-Куала-Лумпур түз аба каттамы ачылышына аракет кылдым, тилекке каршы, ал аракетимдин натыйжасы болбой калды. Өзүң айткандай, убакыт да аз болуп калды. Авиакомпаниялар, албетте, биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн санына карайт. Ошондуктан туристтердин саны бир аптада бир учакка толо тургандай деңгээлге жетсе гана түз аба каттамы болушу мүмкүн. Ал үчүн элчилик мурдагы жылдагыдай аракет менен дагы 2-3 жыл иштеш керек болмок.Түз аба каттамы эки өлкөнүн экономика, бизнес алакаларынын өсүшүнө да түрткү болмок.

— Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дагы түз аба каттам жок экен...

— Ооба. Азыркы кызматымдагы негизги максаттарымдын бири — эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачтырууга жетишүү. Мөөнөтүмдүн аягына чейин бул максатым орундалат деп ишенем. Чынын айтсам, 2-3 ай аралыгында деле бул нерсе ишке ашып калышы мүмкүн. Бирок так айта албайм. Азыр алгачкы гана сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

— Максатыңыз жакшы экен. Дагы кандай пландарыңыз менен бөлүшө аласыз?

Түштүк Кореяда төрт миңден ашуун биздин жарандарыбыз бар. Алардын дээрлик үчтөн бири мыйзамсыз жүрүшөт. Мына ошол жарандарыбыз менен иш жүргүзүүм керек. Себеби, биздин жарандарыбыз канчалык мыйзамсыз аракеттерге барышса, демек ал өлкөгө биздин башка жарандарыбыз үчүн да жол жабык болот.

Башкача айтканда, Түштүк Кореяга баргысы келген башка биздин жарандарыбыз үчүн виза ачтыруу, жумушка чакыруу алуу маселеси жаралат. Чындыгында, мындай маселе жаралып жатканына бир топ эле убакыт болуп калды. Ошондуктан жумушка орношмок түгүл дарыланууга баруу үчүн виза ала албай жаткандар бар. Ошентип, Кореяда мыйзамсыз жүргөн миңдей жараныбыздын залакасы он миңдеген башка жарандарыбызга тийип жатат. Ушул маселенин үстүнөн иштейм. Андан башка пландар — бул албетте, өлкөбүзгө инвестиция тартуу, туристтердин санын өстүрүү, жаштарыбыздын билим алуусуна шарттарды түзүү, эки өлкөнүн алакаларын өнүктүрүү, өлкөбүздү даңазалоо.

— Кылычбек мырза, маегиңизге рахмат. Алдыга койгон максаттарыңыздын ишке ашышына тилектешпиз.

— Рахмат.

Эң көп окулган жаңылыктар