12:39
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуу ырааттамасы

2026-жылдын 11-майынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен жолугушуулары пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өтүп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелерди талкуулоо аянтчасы болот.

Свердлов району:

11-май күнү саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.

12-май күнү саат 16:00дө Ч. Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

Биринчи май району:

13-май күнү саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.

14-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т. Абдумомунов көчөсү, 197.

Ленин району:

15-май күнү саат 16:00дө жолугушуу К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 24.

16-май күнү саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.

Октябрь району:

18-май күнү саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17.

19-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жолугушуулар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө жана биргелешип чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелерди кароого багытталганын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар