00:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткендеги тамеки заводу быйылкы жылы 3000 тонна продукция алууну пландоодо

Баткендеги тамеки заводу быйылкы жылы 3000 тонна продукция алууну пландоодо. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Маалыматка караганда, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиев Кызыл-Кыя тамеки заводунун ишмердүүлүгүнөн кабар алышты. Жетекчилер заводдун ишин жакшыртууга, дагы башка инвесторлорду табууга көмөктөшөөрүн билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин токтоп турган завод жаңы эле ишке кирди. 2017-жылдын май айында Литва мамлекетинин Виргис компаниясы менен келишим түзгөн. Учурда аймактагы дыйкандар өндүргөн тамекинин көлөмү 50 тоннага жетип, анын баарын завод сатып алды. 

Келерки жылга завод 3000 тоннага чейин тамеки алууну пландоодо. Ал үчүн азыртан завод администрациясы дыйкан чарбалар, дыйкандар менен келишим түзүп, алдын ала керектүү каражаттарын берип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар