13:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аламүдүн базарында 12 миң даанага жакын контрафакттык тамекилер алынды

Бишкектин Аламүдүн базарында тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 даана тамеки алынды.

«Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер бүткүл өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар