03:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Таластык мектеп окуучусу эл аралык олимпиадага катышуу үчүн колдоо издейт

Талас шаарынын «Манас-Ата Сапат» эл аралык мектебинин 10-классыныны окуучусу Дастан Эралиев Сербияда өтө турган «Silk Road Mathematical Olympiads» жана «Balkan Mathematical Olympiads» сынагына жолдомо алды. Бирок, анын ага барып келүүгө каражаты жетишпейт. Facebook социалдык тармагында Дастан Эралиевге жардамга акча топтолууда.

Окуучу буга чейин математика сабагы боюнча аймактык олимпиадаларда жакшы ийгиликтерге жетишкен. Калоочулар 0777505909 номерине акча которуу менен жардам бере алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума