01:54
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.16

Кыргызстан жана Сауд Арабиянын ТИМ башчылары Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгышта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун атынан Сауд Арабиясынын бир тууган эли менен чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.

Ошондой эле тараптар кырдаалдын тезирээк басаңдашына, саясий жана дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чараларды көрүүгө үмүттөнүшкөнүн билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар