Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Алай» командасынын чемпиондук наамы жана 50 жылдык маарекеси менен куттуктап, клубка 1 млн сом акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу каала мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Ош шаарынын «Алай» футбол клубу акыркы 3 жылдан бери өлкө чемпиондугун эч кимге бербей келет.
Кийинки жылы футболдук клубу командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат.
Мэриянын маалыматында, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен 19 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.
1965-жылы «Шахтер», 1994-жылы «Ош-Алай-пирим», 1996-жылы «Динамо-Алай», ал эми 2003-жылдан бери «Алай» футбол клубу аталып, 50 жылдык жолду басып өттү.