21:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,5 пайызга кыскарды

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,5 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, 2017-жылдын үчүнчү кварталында жашоо үчүн керек болгон эң аз каражат 4 миң 855 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилинде салыштырмалуу 2,9 пайызга, же 137 сомго көп.

Өткөн жылдын аягында жашо минимуму 4 миң 794 сом болчу.

Белгилей кетсек, жашоо минимумун түзүүдө 16 пайызы — азык-түлүк продуктарынан, 17 пайызы — кызмат, 2 пайызы салыкка чыгымдардан турат.

Эң көп окулган жаңылыктар