15:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Москвада маң зат таркаткан кыргызстандык аял 15 жылга соттолушу мүмкүн

Москвада Кыргызстандын жаранынын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот жүрүп жатат. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.
Маалыматта, кыргызстандык аял героин сатып жаткан жеринен кармалганы айтылат.
Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал аял интернет аркылуу баңги зат саткан. Банктын карточкасына акча которгон кардарларга ал баңги затты калтырган жеринин сүрөтүн жөнөткөн.
Кезектеги кардарына товар жеткирип жаткан жеринен аял 100 грамм маң зат менен колго түшкөн.
 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби