USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Жапонияга жумушка орношуу жолу жеңилдейт

Суйунбек ШАМШИЕВ
15:17, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Жапонияга жумушка орношуу жолу жеңилдейт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик миграция кызматынан Алмазбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымынла, Кытайда айлык акы көтөрүлүп, жумушчулар өз мекенине кайтып келүүдө. Жапониядагы кытай мигранттарынын саны азайды. Андыктан алар башка өлкөлөрдөн кызматкерлерди издешүүдө.

«Бизде бир агенттик Жапония менен иштешип жатат. 20 мигрант Жапонияда жумушка орношту. Алар тил да билишет, ишкана ээси ыраазы», — деди Алмазбек Асанбаев.

Андан сырткары, жапон техникалык агентиги да бар. Ал дагы чет өлкөлөрдөн адистерди таңдап, жумушка орноштурат.

Алмазбек Асанбаевдин айтымында, жапон ишканасынын кызматкерлери учурда курулуш тармагына адистерди окуудан өткөрүүдө. Алар Токиодо иш менен камсыз болушат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18