16:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанга Швейцариянын ишкерлери келет

25-29-сентябрда Швейцариянын ишкерлери тобу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт. 

Маалыматка караганда, Швейцариялык ишкерлер тобунун бул Кыргызстанга алгачкы сапары.  Айыл-чарба, банк жана финансы, өнөр-жай, азык-түлүк, зер буюмдары, инвестиция жаатында иш алып барган бизнесмендер мамлекеттик органдар, жергиликтүү бизнес уюмдар менен жолугушат. 

Белгилей кетсек, Швейцария Кыргызстандын экспортунда алдынкы орунда турат. Бул өлкө Кыргызстандан көбүнчө алтынды сатып алат. 

Эң көп окулган жаңылыктар