18:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Liglass Trading Кыргызстанды эл аралык сотко берет

Liglass Trading Кыргызстанды эл аралык сотко берет. Бул тууралуу компания расмий маалымат таркатты.

Анда Liglass Trading кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарганын жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгендиги айтылат. Компания келишимге ылайык ортодогу келишпестиктерди жоюуга үч ай убакыты бар экенин, Кыргызстан бул шарттарды аткарбаса, эл аралык сотко кайрыларын билдирет.

Өкмөттүн маалыматында, келишим үзүлгөндүгү боюнча маалыматты Liglass Trading ишканасына расмий түрдө бүгүн жөнөтүшөт. Анткени, анын мөөнөтү кечээ, 19-сентябрда аяктады.

Эскерте кетсек, кечээ Чех компаниясынын Кыргызстандын 37 миллион доллар которуу мөөнөтү бүткөн. Инвесторлор аларга дагы убакыт берүүнү суранышкан.

Liglass Trading Ак-Булуң жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендерди утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума