11:26
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.16

Минкаб башчысы АКШнын мамлекеттик катчысы менен сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоду. МинКаб Төрагасы «С5+1» форматынын маанилүүлүгүн белгилеп, өткөн жылы президенттердин бул форматтагы жолугушуусу аймактык кызматташууга күчтүү түрткү болгонун белгиледи. Ал Марко Рубиого Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы диалогду колдоонун негизги куралы катары бул платформага жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

МинКаб Төрагасы Мамлекеттик катчыга Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Өлкө экономикасы 2022-2024-жылдары ар жыл сайын 9 пайыздан ашык туруктуу өсүүнү көрсөткөнү, ал эми 2025-жылдын акырына карата бул көрсөткүч рекорддук 11,5 пайызга жеткени белгиленди.

«Биз Америка Кошмо Штаттарын маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-техникалык өнүгүүдөгү дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыкдар», — деген Адылбек Касымалиев жана анын иш сапарынын алкагында АКШнын алдыңкы технологиялык корпорациялары менен бир катар жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Жакында эле Вашингтондо болуп өткөн, мамлекеттер аралык мамилелердин бүткүл спектрин камтыган мазмундуу саясий консультациялардын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн Адылбек Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал америкалык тараптын талкууланган бардык тармактар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар