10:12
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.16

Китеп майрамы: Ош шаарында китеп фестивалы өтөт

Ош шаарында 22—23-апрель күндөрү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук жазуучулар союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, китеп майрамында сиздерди китеп жарманкеси, тематикалык көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик программа күтөт.

Фестивалдын программасы:

  • 22-апрель 12:00–13:00 — Ош мамлекеттик университетинде белгилүү чыгармалар боюнча жаш окурмандар үчүн тест сынагы.
  • 13:00–14:20 — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссёр Уланмырза Карыпбеков койгон «Куса» драмасы (кирүү акысыз).
  • 23-апрель 12:00 — Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада «Жаштарды китеп окууга тартуу маселелери» темасында тегерек стол.
  • 14:00–16:00 — Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык кече.
  • 17:00–18:00 — Алымбек датка этнографиялык комплексинде китеп жарманкесинин расмий ачылышы.
  • 19:00–20:30 — «Окурман Ош» фестивалынын салтанаттуу жабылышы жана концерттик программа.
Эң көп окулган жаңылыктар