18:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жакынкы жылдары экономикалык өсүү 4,5 пайыздан ашпайт

Жакынкы жылдары Кыргызстандын экономикасы 4,5 пайыздан ашык арыш жасай албайт. Бул тууралуу республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууда айтылды. 

Бюджеттин 2018-2020-жылга карата долбоору социал-экономикалык өнүгүүнү программаларынын негизинде түзүлдү. Анда ИДӨ 2018-жылы 538,1 миллиард, 2019-жылы — 589,9 миллиард, ал эми 2020-жылы — 648,5 миллиард сомду түзөт. Ошондо экономикалык өсүү жылына 3,6,- 4,8 -5,2 пайыз эсебинде болот.

Ал эми инфляция жакынкы үч жылда 4,5-5,7 деңгээлинде божомолдонот.

Жашоонун эң аз өлчөмү 2018-жылы 5 миң 185,4 сом, 2020-жылы 5 миң 760,5 сом. Орточо айлык акы 2018-жылы 16 миң 577,8 сом, 2020-жылы 2 миң 407,2 сомго көбөйөт.

Эң көп окулган жаңылыктар