03:42
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Россияда жоголгон кыз Кыргызстандан изделүүдө

Россияда жоголгон кыз Кыргызстанда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт. 

Маалыматка караганда, 15-жаштагы кыз Ленинград облусунун Мурино аймагындагы үйүнөн 6-августта чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.  

Ал буга чейин Кыргызстанга кайтып келгиси келип жүргөндүгү айтылат. Атасынын билдирүүсүндө, кыз шаарды жана орус тилин жакшы билбейт. Өспүрүм кыз мектепке да барбайт экен. 

Кыздын башында жолугу, кыска булгаары курткасы жана кара юбка кийип жүргөндүгү маалымдалат. 

Эң көп окулган жаңылыктар