Депутат Нурбек Сыдыгалиев бүгүн, 13-майда Жогорку Кенештин жыйынында студенттердин пландалып жаткан ротациясын жана Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун ишке берилишин эске алуу менен Балыкчы шаарында жогорку окуу жайын ачууну сунуштады.
Анын айтымында, ал буга чейин да Балыкчыда ЖОЖ ачуу маселесин көтөргөн.
«Бирок мага «Балыкчы Бишкектен болгону 200 чакырым алыстыкта жайгашкан, буга зарылчылык жок» деген жооп келген. Мен эскертип коеюн, президент Садыр Жапаров 2027-жылдын сентябрь айынан тарта студенттерди ротациялоо пландары тууралуу билдирген. Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу ишке киргенден кийин Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарындан келген студенттер Балыкчыда билим алышса болмок. Баарын борбор калаага топтой бербей, аймактарды өнүктүрүү керек», — деди Сыдыгалиев.
Эскерте кетсек, КР Президенти буга чейин аймактар арасында студенттердин ротациясы 2027-жылдын сентябрынан тарта башталарын билдирген.

