Жогорку Кеңеште Бишкек — Токмок багыты боюнча коомдук транспорттун каттамдарын кайра карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда парламенттин жалпы жыйынында айтылды.
Депутат Медербек Саккараев Токмокко баруучу жүргүнчүлөр үчүн транспорт жетишсиз экенин белгиледи.
«Жол кире акысы көтөрүлгөнү менен тейлөө сапаты ошол бойдон калууда. Эл таңкы сааттарда жана кечинде жумуштан кайтканда унаа таппай кыйналып жатышат. Каттамдардын санын көбөйтүп, алардын графикке ылайык кечки саат 22:00гө чейин иштешин камсыз кылуу керек», — деди ал.
Ошондой эле депутат Чүй облусундагы жол коопсуздугу жана социалдык маселелерге токтолду:
Жол чырактар: Токмок шаарынын кире беришиндеги жана айланма жолдогу кооптуу тилкелерге жол чырактарды орнотуу зарылдыгын айтты.
Тез жардам унаалары: Аймактагы тез жардам унааларынын жетишсиздигин белгилеп, калктын санына жараша кошумча техника бөлүүнү талап кылды.
Депутат бул маселелерди чечүү боюнча Министрлер кабинетине тиешелүү тапшырмаларды берүүнү суранды.

