22:50
USD 87.45
EUR 101.51
RUB 1.23

Ысык-Көлдө алгачкы жолу парус спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өтөт

Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы жолу Борбор Азия чемпионаты өткөрүлөт. 16-майдан 21-майга чейин Чолпон-Ата шаарында чөлкөмдүн эң мыкты спортчулары күч сынаша. Бул тууралуу Парус спорту федерациясынан билдиришти.

Мелдеш «Круиз» яхт-клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышат. Турнир Азия парус спорту федерациясынын (ASAF) жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен улуттук федерация тарабынан уюштурулууда.

Парус спорт федерациясы
Фото Парус спорт федерациясы. Ысык-Көлдө алгачкы жолу парус спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өтөт

Чемпионаттын программасы эл аралык беш класстагы жарыштарды камтыйт: балдардын «Оптимист» классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Fareast-23 килдик яхталарына чейин. Жыйынтыктардын калыстыгына Түркия, Россия жана Кыргызстандан келген эксперттерден куралган эл аралык калыстар тобу жооп берет.

Парус спорту федерациясынын президенти Канат Мамакеев мындай турнирдин өткөрүлүшү чөлкөмдөгү деңиз маданиятын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, чемпионат жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, коңшу өлкөлөр ортосундагы кесиптик кызматташтыкты чыңдайт.

Эң көп окулган жаңылыктар