12:35
USD 87.45
EUR 102.71
RUB 1.18

Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президентинин алгачкы жыйыны өттү

Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти Адылбек Касымалиев жетектеген жаңыланган курамдагы Аткаруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын U-23 — U-17 улуттук курама командаларынын иш концепциясы каралып, бекитилди.

Мындан тышкары, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Олимпиадалык курама команданын оюнчуларын каттоо мөөнөтүнөн тышкары Жогорку лига клубдарына билдирмеге киргизүүгө уруксат берүү маселесин карашты.

Эң көп окулган жаңылыктар