16:01
USD 87.45
EUR 102.71
RUB 1.18

«Улуу талаа уламыштары»: Бишкекте казак живопись чеберлеринин көргөзмөсү ачылат

15-май казакстандык сүрөтчүлөр Умирали Исмаилов менен Мажит Байтеновдун «Улуу талаа уламыштары» аттуу биргелешкен көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Экспозицияга эки сүрөтчүнүн 60тан ашык эмгеги коюлуп, анда Улуу талаанын улуулугун жана сырларын ачуу, түрк элдеринин бүтүндөй тарыхын жана маданий мурасын көрсөтүү, уламыштардын жана символдордун атмосферасын жеткирүү. Көрүүчүлөр абстракттуу живопись, символдук композициялар, декоративдик графика жана терең философиялык мааниге ээ чыгармалар менен тааныша алышат.

Умирали Исмаилов — живописчи, Казакстан Республикасынын маданият ишмери, Казакстан Сүрөт академиясынын вице-президенти. Анын чыгармачылыгы заманбап живопись менен абстракттуу экспрессионизмди айкалыштырып, адамдын ички дүйнөсүн, жашоонун маңызын жана жаратылыш менен байланышын изилдөөгө багытталган.

Мажит Байтенов — сүрөтчү-график, живописчи, искусство таануу доценти, Казакстан Сүрөт академиясынын академиги. Сүрөтчүнүн эмгектери символизмге, каныккан түстөргө жана татаал фактуралык чечимдерге негизделип, түрк дүйнөсүнүн маданий коддорун жана тарыхый мотивдерин заманбап көркөм формада ачып берет.

«Улуу талаа уламыштары» көргөзмөсү маданияттар менен көркөм салттардын диалогун чагылдырып, көрүүчүлөрдү түрк дүйнөсүнүн тарыхы, уламыштары менен тааныштырган өзгөчө саякатка чакырат

Көргөзмө 31-майга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-май, шаршемби