01:55
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

Агартуу министрлигине ата мекендик өндүрүштөгү жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаа өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Кызматтык унааларды тапшыруу аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ата мекендик өндүрүштөн чыккан 91 даана кызматтык унааны сатып алууга мамлекет тарабынан 178 млн 528 миң сом каражат жумшалганын белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тармакты өнүктүрүү, мугалимдерди колдоо жана заманбап шарттарды түзүү багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Эгемендүүлүк алгандан берки акыркы 34 жыл ичинде бул тармактагы кызматтык техникалар дээрлик жаңыланган эмес. Бүгүн ата мекендик өндүрүштөн чыккан 91 даана кызматтык унаа тапшырылып жатат. Бул — агартуу тармагына көрсөтүлгөн чоң колдоо жана мамлекеттин камкордугу. Жаңы техникалар билим берүү мекемелеринин ишин жеңилдетип, айрыкча тоолуу жана алыскы райондордогу иштердин натыйжалуулугун арттырууга чоң жардам берет», — деди ал.

Унаалар төмөнкүдөй билим берүү мекемелерине берилди:

  • 53 — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө;
  • 10 — усулдук борборлорго, билим берүү институттарына жана министрликтин департаментине;
  • 9 — министрликтин ведомстволук мекемелерине;
  • 17 — жатак-мектептерге жана мектеп-интернаттарга;
  • 2 — Ош облустук жана Чүй облустук психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларга.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-май, бейшемби
13-май, шаршемби