14:23
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

«Түндүк-Түштүк» унаа жолунда жаңы жол тейлөө пункттары ачылат

«Түндүк-Түштүк» унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тейлөө пункттары Балыкчы — Жалал-Абад жолунун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында курулат.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталды. Ал эми Сары-Камыш 261-чакырымдагы курулуш иштери тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат.

Бул долбоордун негизги максаты — жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, жолчулардын жашоо шартын жакшыртуу, ошондой эле кооптуу аймактардагы жол тейлөө иштеринин сапатын арттыруу болуп саналат.

Жол тейлөө пункттары сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар, кыш мезгилинде көчкү түшүү тобокелдиги жогору аймактарда курулууда. Аталган пункттар авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар