08:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош облустук соту «Женго» каймана аттуу кримтөбөлдү актады

Ош облустук соту «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновду актады. Бул тууралуу «24.kg» агентигине соттон билдиришти. 

Эскерте кетсек, өткөн айда Кара-Суу райондук соту аталган кримтөбөлдү актаган. Ал ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталган. Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн алдында ок атылып өлтүрүлгөн. 

Ал 35 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. 

Буга чейин Толкунбек Шоноевдин атасы райондук соттун чечимине даттанбастыгын, ИИМ, прокуратура жана сот органдарына ишеними кеткендигин билдирген. 

Эң көп окулган жаңылыктар