07:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда бензин баасы арзандады

Июль айында бензиндин баасы 0,5–1 сомго арзандады. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Алардын айтымында, күйүүчү майдын наркына Россияда баанын арзандашы түрткү болду.

«Заводдор күйүүчү майды ашыгы менен чыгарып жатышат. Баанын мындар ары түшөрү белгисиз», — дейт ассоциация.

Аи-92 түндүк облустарында -37,8 сомго, түштүк облустарында- 39,7, Аи-95 — 40,5 жана 42,5 сомдон сатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар