20:43
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Талиптер Ооганстандын үчүнчү районун ээлеп алышты

Талиптер Ооганстандын түштүк-чыгышындагы үчүнчү районго көзөмөлүн орнотушту. Алар Пакистан менен чек арага жакын жайгашкан Пактиа провинциясындагы Яни Хел районун катуу кармаштардан кийин өз карамагына өткөрүшкөн. Бул тууралуу centralasian порталы маалымдайт. 
Аймактык кеңештин башчысы район 25-июль эртең мененки атышуулардан кийин талиптердин колуна өткөнүн билдирди.

Жергиликтүү полициянын өкүлдөрү аталган районду коопсуздук күчтөрү дале көзөмөлдөп турганын, бирок алар тынымсыз чабуулга кабылып жатканын айтышты.

Талиптер тарабынан губернатордун кеңсеси, полициянын штабы жана бейтапкана өрттөлгөнү, ошондой эле кагылышуулардан эки тарапта тең чоң жоготуулар болгону кабарланууда.

Талиптер районду толугу менен өз карамагына алганын билдирип жатышат. Алар 23-июлда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Тайвара районун, түндүктөгү Кохистан аймагын ээлеп алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар