Жогорку Кеңеште пенсия төлөө мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу айтылды. Бул тууралуу бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында билдирилди.
Депутат Дастан Бекешев пенсионерлерге пенсия ар бир айдын 10уна чейин чегерелерин белгиледи.
«Ошол эле учурда кызматкерлер айлыкты айдын аягында алышат. Пенсионерлер пенсия алганга чейин эле коммуналдык кызматтар үчүн туумдар (пени) кошулуп жатканына даттанышууда. Себеби, мыйзам боюнча коммуналдык кызматтардын акысы төлөнбөсө, 10 күндөн кийин туум чегериле баштайт. Көбүнчө алар топтолуп калып, пенсионерлерге төлөө кыйынга турат. Министрлер кабинети пенсияны башка иштеген адамдар сыяктуу эле айдын аягында төлөө маселесин эмне үчүн чечип койбойт?» — деп суроо салды ал.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева пенсия төлөө мөөнөттөрү буга чейин бюджетке келген күчкө байланыштуу аныкталганын белгиледи.
«Бирок белгилей кетчү нерсе, учурда, мисалы, май айынын пенсиясы 10-майга чейин, тагыраагы, ай бүтө электе алдын ала төлөнүп жатат. Ошол эле учурда коммуналдык кызматтар үчүн 10 күндүн ичинде эмес, ай ичинде төлөсө болот да», — деп кошумчалады ал.
Бирок мындай жооп депутат Гүля Кожокулованын ачуусун келтирип, ал аткаминерди мөөнөтү өтүп кеткен эсептерге туумдарды чегерүү тартибин билбегендиги үчүн сынга алды.
«Эсептер төлөнбөгөндөн 10 күн өткөндөн кийин туумдар эсептеле баштайт жана бул пенсионерлер үчүн чыныгы жүк. Бул айып пулдарды автоматтык түрдө төлөөгө болбойт, атайын кассага баруу керек. Кесиптешимдин айтканы туура, пенсия төлөө мөөнөттөрүн айдын аягына тууралап койсо болот, бул чоң деле көйгөй эмес», — деп кошумчалады ал.
Социалдык фонд бул маселени карап чыгууну убада кылды.

