Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026-2027-окуу жылына орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу тартибин бекитти.
Жаңы эрежеге ылайык, 11-классты бүтүргөндөр бюджеттик жана контракттык орундарга Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Айрым чыгармачылык жана спорттук адистиктерге бул талап колдонулбайт.
Абитуриенттер ар бир турда бир гранттык жана бир контракттык орунга арыз бере алышат. Документтер «Абитуриент Online» системасы аркылуу кабыл алынат.
Ошондой эле социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жеңилдиктер каралып, Орусия, Беларусь жана Казакстандын жарандары да тең шартта катыша алышат.
Министрлик бул өзгөрүүлөр кабыл алуу процессин ачык жана жеткиликтүү кылууга багытталганын белгилейт.

