Бишкекте 14—15-май күндөрү Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конгресске өлкөнүн бардык аймактарынан келген облустук, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, активдүү жаштар жана жаштар саясаты багытындагы өкүлдөр катышат.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу процесстерине активдүү тартуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жаштардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө.
Конгресстин алкагында министрликтин жаштар саясаты боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берилет. Мындан тышкары, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин 2026-жылга карата иш-пландары тааныштырылып, бир катар панелдик талкуулар уюштурулат.
Талкууларда жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын ишке ашыруу, жаштар кеңештеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, жаштар демилгелерин колдоо жана мамлекеттин колдоо механизмдери сыяктуу актуалдуу темалар каралат.
Конгресстин жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, алардын аткарылышына министрлик тарабынан мониторинг жүргүзүлөрү айтылды. Иш-чара Бишкек шаарындагы Park Hotel мейманканасында өткөрүлөт.

