Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков саламаттык сактоо министринин орун басары мас абалында кармалды деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда министрдин орун басары автоунааны мас абалында башкарганы үчүн кармалганы тууралуу жалган айың кептер тараган. Дайырбек Орунбеков бул маалыматты Ички иштер министрлигинен тактаганын жана аталган мекеме мындай факты катталбаганын ырастаганын билдирди.
«Кимдир бирөөнүн буйртмасы менен 5–10 тыйын үчүн жалган ушак таркатып жатканда этият болгула. «Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кыдыралиев мас абалында рулга отурганы үчүн кармалды» деген маалымат — калп. Мен ИИМден так маалымат алдым, мындай факты катталган эмес», — деп жазды ал.
Дайырбек Орунбеков сөз болуп жаткан кызматкердин жүрөк алмаштыруу операцияларын жасаган таланттуу хирург жана көптөгөн өмүрлөрдү сактап калган сейрек кездешүүчү адис экенин белгиледи.
«Үйдө отуруп алып, чоң эмгек менен топтолгон кадыр-баркты тебелеп-тепсөө оңой. Бирок адам үчүн кайрадан акталып, жакшы атын калыбына келтирүү абдан оор болот», — деп кошумчалады ал.

