Бүгүн Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында анимациялык цех ачылды. Атайын техника сатылып алынып, адистер таңдалып, сценарийлер жазылууда. Былтыры өкмөт анимациялык цехке 2 миллион сом бөлгөн.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында, жаңы студия кыргыз анимациясын жандантууга жол ачат. Кыргызстанда биринчи «Сандар талашы» мультфильмин 1977-жылы Эркин Борбиев тарткан.