Москвада Кыргызстандын жараны суу тосмодон алып чыгышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт.
Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен.
1984-жылкы кыргызстандыкты тез жардам кызматы шаардык оорууканага жеткирген.