14:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шавкат Мирзиеев: Кыргыз-өзбек чек арасы достуктун чеги болушу керек

Алмазбек Атамбаев Астанада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Эскерте кетсек, бүгүн Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешмеси өтүп жатат.

Жолугушууда президенттер социал-экономикалык алаканы күчөтүү маселесин талкуулашты. Өзбек лидеринин айтымында, эгер эки өлкө ишкерлик жаатында алакасын күчөтсө жакшы ийгиликтерге жетише алат. Андан сырткары, чек араны аныктоо иштерин тездетүү чечимин кабыл алышты.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы достуктун чеги болушу керек» — деп билдирди Шавкат Мирзиеев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби