06:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент Онкология борборун жабдуулар менен толук камсыз кылууну буйруду

Улуттук онкология борбору 1-октябрга чейин толук керектүү жабдуулар менен камсыз болушу керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев борборго арналган атайын жыйында билдирди.

Маалыматта борборго башка жабдуулар менен бирге линиялык тездеткич да сатылып алынары айтылат.

Андан сырткары, имаратта капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, короосу жашылдандырылып, жарыктар коюлат.

Алмазбек Атамбаев каржылоо маселесин тез арада чечүүнү жана онкологиянын балдар бөлүмү үчүн курула турган имараттын долбоорун түзүүнү буйруду.

Эң көп окулган жаңылыктар