00:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектеги катуу шамалдан акимиаттын алдындагы эки карагай кулады

Бишкектеги катуу шамалдан Октябрь райондун акимиаттын алдындагы эки карагай жана арча кулады. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Алардын айтымында, карагайдын сөңгөгүнүн диаметри 30 сантиметр, арчаныкы андан бир аз азыраак.

Катуу шамалдан улам «Жашылдандыруу» ишканасында атайын 4 топ түзүлүп, алар шаардын ар бир районунда иш алып барып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар