18:38
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Катуу шамал. Чүй облусунда келтирилген чыгым 23,5 миллион сомду түздү

Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгым 23 миллион 567 миң 335 сомду түздү.

Катуу шамалдан 183 объект, анын ичинде 87 турак үй, 2 оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча, 13 мамлекеттик мекеме, 1 жогорку окуу жайы, 20 трансформатордук подстанция, кампа, мончо, дүкөн, электр линиялар жана дагы башка 5 имарат жабыркаган.

Кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Мындан тышкары, райондук администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринен турган мобилдик топтор уюштурулуп, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.

Эң көп окулган жаңылыктар