17:39
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Өзгөчө кырдаал режими алынды. Катуу шамалдан 16,7 миллион сом зыян келтирилди

4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет 28-мартта Бишкекте ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталганын эскертти. Мэриянын 28-марттагы буйругу менен шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

«Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жетекчилик курамы өз убагында маалымдалып, райондук жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары жер-жерлерде өз багыттары боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүштү», — деп белгиледи мекеме.

Райондук администрациялардан, шаардык кызматтардан жана муниципалдык ишканалардан турган мобилдик топтор уюштурулган, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо максатында күчөтүлгөн режимде иштешкен. 29-марттын таңында борбор калаада жолдордо эч кандай тоскоолдук табылган эмес. Коомдук транспорт кадимки режимде иштеген.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркап, 144 бак кулап, 13 унаа зыян тарткан. 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объектилердин чатыры бузулган. Төрт участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасынан 31 атайын техника жана 143 кызматкер, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника, Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 миллон 749 миң 923 сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар