06:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Катуу шамал. Бишкекте 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Бишкек шаарындагы катуу шамалдан 19 билим берүү мекемеси жабыркады. Анын ичинде 11 мектеп жана 8 бала бакча бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүгүнүн чатырлары учурулуп, тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.

Кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Комиссия буга чейин борбордогу чатыры оңдолгон бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске салсак, 1-апрелине чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Эң көп окулган жаңылыктар