21:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Катуу шамал. Кесепеттерин жоюу боюнча иштер улантылууда

Борбор калаада жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Бул тууралуу мэрияны басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматына караганда, коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Каттамга 599 автобус, 122 троллейбус жана кичи автобустар чыкты.

«Таң атканча линиялардын үзүлүшү боюнча сегиз учур катталып, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тарабынан калыбына келтирилди. Ошондой эле шамалдын башка кесепеттери жоюлду. Бригадалык чыгуулар уланууда. Кечке чейин шаар боюнча кесепеттер калыбына келтирилет. Кооптуу эки тирөөч жана № 62 мектепте эки кондиционер алынды», — деп билдирди мэрия.

«Тазалык» ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчө санитардык тазалоодон өткөрүлүп, катуу шамалдан улам пайда болгон бешке жакын таштанды жайлар тазаланды. Учурда жабыркаган аймактарда күчөтүлгөн санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

«Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлери түн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты.

Эскерте кетсек, кечээ борбор калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Натыйжада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар