Кыргызстандын жараны Москва дарыясына чөгүп кетти. Бул тууралуу Россиялык маалымат сайттары билдирди.
Маалыматта, 31-майда 26 жаштагы ички кийимчен кишинин денеси дарыянын Шелепихинск жээгинен табылгандыгы айтылат. Анын досторунун айтымында, эс алып жүрүп, ал сууга түшкөнү кетип, кайра келген эмес.