Португалиялык жылдыздын уулу «Аль-Насрдын» негизги курамына кириши ыктымал. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кийинки сезондо «Аль-Наср» клубу Криштиану Роналду-кенжесин негизги курамдагы оюнчулардын тизмесине кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ал 2023-жылдан бери Сауд Арабиянын клубунда ойноп жаткан португалиялык жылдыз Криштиану Роналдунун уулу.
Июнь айында Криштиану Роналду-кенжеси 16 жашка толот. Буга чейин ал «Ювентус» жана «Аль-Насрдын» жаштар командаларында ойногон. Чабуулчу бул эки команда үчүн өткөргөн 50 беттеште 114 гол киргизген.
Эске салсак, 41 жаштагы Криштиану Роналду бул сезондо да «Аль-Насрдын» лидерлеринин бири бойдон калууда. Форвард Сауд Арабиясынын чемпионатында 25 оюн өткөрүп, 24 гол киргизди жана 2 натыйжалуу пас берди.

