Бишкекте бүгүн, 1-майда жазгы веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара борбор калаанын 148 жылдыгына арналат.
Катышууну каалагандар саат 08:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулат. Мында жаш куракка чектөө жок.
Иш-чаранын программасы:
- 8:00 — 8:45 — катышуучуларды каттоо;
- 8:50 — брифинг;
- 9:00 — Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынын маршруту боюнча веложүрүш башталып — Чортеков көчөсү/Жайыл баатыр көчөсүнүн кесилишинен бурулуп — финиш- «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт;
- 9:40 — финиш, катышуучулардын келиши;
- 10:00 — салтанаттуу бөлүк жана концерттик программа.
Мэрия белгилегендей, веложүрүшкө байланыштуу саат 9:00дөн 9:40ка чейин жолдор жарым-жартылай жабылат.

