Бүгүн, 1-майда салттуу, эл аралык май Альпиниадасы башталды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чуңкурчак капчыгайында башталган Альпиниадага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 2 миңдөн ашык тоо туризминин ышкыбоздору жана альпинисттер катышууда.
Иш-чара Чуңкурчак капчыгайынан башталып, жаңы табылган чокуга жүрүш менен уланат. Азырынча бул чоку «Альпиниада чокусу» деп аталып, анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4010 метрди түзөт.
Кечээ, катышуучулар иш-чара өтүүчү жерге чогулуп, алар үчүн лагерь тигилип, атайын мастер-класстар уюштурулду. Спортчулар машыгууларды өткөрүп, багыттарды (маршруттарды) изилдешти.
Белгилей кетсек, иш-чаранын расмий ачылышы командалардын тизилиши жана катышуучулардын парады менен башталды. 1-май күнү таңкы саат 05:00дө текшерүү каттоосунан өткөндөн кийин Альпиниаданын катышуучулары чокуга чыгууну башташат.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана дипломдорду тапшыруу аземи өтөт.

