10:47
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.21

Бүгүндөн тарта Бишкектеги № 43 автобустун каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бүгүн, 20-майдан тарта Бишкек шаарындагы № 43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Жаңыланган схемага ылайык, № 43 каттамы төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт:

  • Мурас-Ордо көчөсү,
  • Школьная көчөсү,
  • Жаш Гвардия бульвары,
  • Махатма Ганди көчөсү,
  • Чүй проспектиси,
  • Бейшеналиева көчөсү,
  • Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.

Шаар тургундары жана коноктору каттамдагы өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алып, сапарларын пландап алуусу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар