11:37
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

ЖК жаштар арасында баңгизаттын жайылышына байланыштуу коңгуроо кагууда

Жогорку Кеңеште жаштар арасында баңгизаттын жайылып жатышына тынчсыздануу билдирилүүдө. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйында депутат Болот Сагынаев айтып чыкты.

Анын айтымында, өспүрүмдөр жана жаштар арасында синтетикалык баңгизаттардын жайылышы кооптуу мүнөзгө ээ болууда. Эл өкүлү синтетикалык баңгизаттар бардык жерде жайылып жатканын, алар жеткиликтүү экенин жана ошол эле учурда химиялык курамы тынымсыз өзгөрүп турарын белгиледи. Бул өндүрүүчүлөргө колдонуудагы тыюу салууларды айланып өтүүгө мүмкүндүк берет.

«Көп учурда ата-энелер балдарынын көйгөйүн билишет, бирок алардын баңгизатка берилгенин же онлайн-казинолордо ойногонун жашырышат. Мунун кесепети — психологиялык көйгөйлөр жана суицид учурлары. Коомдук айыптоодон жана басымдан коркуп, мындай фактыларды да жашырып жатышат», — деди Болот Сагынаев.

Ал көйгөйдүн масштабы тийиштүү деңгээлде бааланбай жатканын баса белгиледи.

Депутаттын маалыматы боюнча, ижарага берилген батирлер жаштардын көзөмөлсүз чогулган жайына айланып, ал жерде баңгизат колдонулган жана өспүрүмдөрдү бул ишке тартуу фактылары катталган учурлар бар.

"Учурдагы алдын алуу жана чара көрүү системасы коркунучтун масштабына жооп бербейт",- деп кошумчалады ал. Жаштар арасында синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы күрөш уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш сыяктуу эле системалуу түрдө жүргүзүлүшү керек, деп жыйынтыктады Болот Сагынаев.

Эң көп окулган жаңылыктар