12:29
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

ЖК Түрк өлкөлөрүнүн санариптик экономика жөнүндө макулдашуусун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү ортосундагы Санариптик экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун карашты.

Мыйзам долбоору экинчи окууда сунушталды.

Макулдашууну ратификациялоо ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда санариптик экономика чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде тажрыйба алмашууга, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана санариптик инфратүзүмдү кеңейтүүгө багытталганы белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар