16:51
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Фото UWW.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңип алды. Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип, Кыргызстанга бешинчи алтынды алып келди.

Маалыматка ылайык, муну менен спортчу карьерасында экинчи жолу Азия чемпиону болду.

Мээрим Жуманазарова буга чейин 2021-жылы Азия биринчилигин багындырган. Ошондой эле ал Дүйнө кубогунун ээси жана Ислам тилектештиги оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү.

Учурда Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» спорттук комплексинде күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. 6-апрелден 12-апрелге чейин созула турган мелдешке 26 мамлекеттен 350дөй спортчу катышууда. Күрөшчүлөр жалпысынан 30 комплект медаль үчүн күч сынашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар