Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районунундагы аймактык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактарын Ысык-Көлгө коё берилди. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 3 миллион даана май-канат балыгынын чабактары Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында төмөнкү балык уулоо участокторго коё берилди:
- 18 участок — 500 миң даана
- 7 участок — 500 миң даана
- 13 участок — 1 миллион даана
- 40 участок — 1 миллион даана

